Ысым Кездешүү саны Аныктама
Улан637

УЛАН - бул ысым: 1) ата-эненин балдары удаасы менен чарчап, 
перзенти токтобогондо, жаңы туулган наристе атасына же өзүнөн улуу 
туугандарына (айрыкча агасына) улансын, жалгашсын, ээрчишсин деген 
максатта; 2) жалындаган, жанын жеген жигит болсун деген тилекте; 
3) кезектеги төрөлгөн эркек баладан кийин дагы уул туулсун (бул көбүнчө 
бир нече удаа кыздан кийин эркек бала төрөлгөн учурда коюлат); 
4) антропонимдик традиция боюнча, ошондой эле, б.а., айтылышы кыска, 
угулушу даана, жазылышы жеңил болгондуктан да коюлат.

    Көп кездешкен ысымдар
  • 178 Улукбек
  • 177 Кенжебек
  • 174 Мелис
  • 173 Эрнис
  • 173 Жеңишбек
  • 172 Нарынбек
  • 172 Бексултан
  • 170 Эмир
  • 169 Белек
  • 167 Санжар
* Статистикалык маалымат биздин базага гана тийиштүү