⇛
Долон бий
⇛
Ак уул
⇛
Көкө-Наалы
⇛
Моңолдор
⇛
Асан (Ак моңолдор)
⇛
Самансур
⇛
Бексейит
⇛
Бакы Бий
⇛
Меңдуулат (Бала Кыйра)
⇛
Мангазы
⇛
Абышка (Чолок этек)
⇛
Кулболот
⇛
Сарыбай
⇛
Жаналик
⇛
Жакшылык
⇛
Керим
Жакшылык уулу Керим
- Уруусу:
- Моңолдор
- Маалымат:
-
Жакшылыков Керим (1922–1997) - обончу, ырчы Нарын районунун Дөбөлү айылында 1922-жылы туулган.
Нарын облустук драма театрында ырчы, актер болуп иштеген. Боогачы Жакыпбек уулунун, Муса Баетовдун, Жумамүдүн Шералиевдин, Абдыкалый Темировдун ырларын ырдап, ж.б. күүлөрдү чертип, театрда чакан ролдорду аткарган.
- 1949-жылы ал иштеген Нарын облустук музыкалык театры Ысык-Көл облустук драма театрына кошулган.
- 1951–1964-жж. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында иштеген.
- 1957-жылы Ш.Шеркулов, Э.Турсуналиев, К.Үкүбаев, Т.Карымшаков, М.Козубекова сыяктуу комузчулар менен Брюсселде өткөн Бүткүл дүйнөлүк көргөзмөгө катышып, «Көйрөң күү», «Маш ботой», «Чайкама» күүлөрүн аткарышкан.
- 1958-жылы Москвада өткөн кыргыз адабияты менен искусствосунун декадасына катышкан.
Ал «Эсте секет», «Жолугабыз аз күндө», «Чын сүйүү деп сеземин», «Бир өзүңө», «Эгер сүйсөң», «Аттардын сыпаты» ж.б. обондорду жараткан.
- Социалдык тармактарда бөлүшүү