- Уруусу:
- Моңолдор
- Энеси:
- Алтынбүбү
- Маалымат:
-
Абылов Күмөндөр Мукулович - КРнын эмгек сиңирген артисти, театр жана кино артисти, куудул, обончу. 1958-жылы 30-августта Нарын районунун Учкун айылында туулган.
Онунчу классты бүтөөрү менен Күмөндөр Токмок шаарындагы маданият окуу жайынын үйлөмө аспаптар бөлүмүндө окуйт. 1976-1978-жылдары Советтик Армиянын катарында, үйлөмө аспаптар оркестринде кызмат өтөйт. Армиядан кийин, Тянь-Шань райондук маданият үйүндө иштейт. 1979-жылдан тартып Нарын облустук М. Рыскулов атындагы музыкалык драма театрына аккордеонист болуп болуп орношот. 1989-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр институтунда, «Театр жана кино актёру» бөлүмүндө сырттан окуйт. Бир жыл окугандан кийин Оштогу кыргыз-өзбек тополоңуна байланыштуу окуусу токтоп калат. Нарын театрында он жылдан ашуун иштеген соң Күмөндөр 1990-жылдардын орто ченинде Бишкек шаарына көчүп келет. Борбордо Күмөндөр өзүнүн «Күмөндөрдүн күлкүсү» деген куудулдар жана концерттик тобун түзүп, Кыргызстанды түрө кыдырат. 2000-жылдан баштап Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында актёр болуп эмгектенип келе жатат.
Күмөндөрдүн атасы Мукул таланттуу комузчу болгон. Ал адегенде айылдык, райондук маданият үйлөрүндө жетекчи, жана ошол кездеги Тянь-Шань музыкалуу драма театрында, (азыркы М. Рыскулов атындагы академиялык, музыкалуу драма театры) актёр, комузчу болуп иштегендигине байланыштуу, Күмөндөрдүн балалыгы жана окуучулук жылдары Учкун айылында, андан соң Нарын шаарында өттү. Бала кезинен атасынын жолун жолдоо ал үчүн сыймыктанчу максаты болчу. Мектептен окуган кезден тартып, баардык өздүк - көркөм чыгармачылыктарга калтырбай катышат. Атасын тартып бала кезинен эле колуна музыкалык аспап, айрыкча аккордеонду кармап чоңойгон. Нарын музыкалуу драма театрына кызматка киргенден кийин, Күмөндөр аккордеонист эле эмес, артист да болуп эмгектене баштайт. 1982-жылы Күмөндөр Т.Абдумомуновдун "Борбаш" комедиясы боюнча коюлган "Борбаштын досу Камгакпай" спекталинде уй ферма Мамырдын ролун ойноп, театр чөйрөсүнө артист жана комик катары билинет. Ушул ролу үчүн ал жыл сайын өтүү республикалык театр сынагынын "Жылдын мыкты актёру" (1983)деген номинциясын утуп алат. Мамырдын ролунан тартып анын комиктик гана эмес куудулдук өнөрү да Кыргызстанга кеңири тааныла баштайт. Ошол эле учурда Күмөндөр обончу катары да кыргызга таанылып калган учуру болчу. Күмөндөрдү кыргыз жумурай журтуна айрыкча тааныткан албетте, анын куудулдук өнөрү. Ушул өнөрдүн аркасы менен ал Кыргызстандагы чыгаан куудул атыкты. Бир нече жолку мелдештерде, сынактарда алдына бир дагы комикти чыгарбай Баш байгелерди утуп алды. Күмөндөр кыргыздын салтуу куудулдарынын жолун улаган, бул өнөрдүн критерийлерине толук жооп бере турган жападан жалгыз куудул. Ал башка комиктердей болуп текстти жатабастан, өнөрүн Куйручук, Бекназар, Жоошпай, Шаршендер сыяктуу жалаң импровизацияга негиздейт. 2000-жылдан тартып Күмөндөр Кыргыз улуттук академиялык Т. Абдумомунов атындагы драма театрында актер катары киргенден кийинки он жылдын ичинде кыргыздын улуттук драматургиясын баш кылып, дүйнөлүк классикага чейинки коюлган спектаклдерде ондон ашуун мыкты образдарды жаратты. Күмөндөркыргыз журтчулугуна театр артисти, куудул гана эмес, киноактер катары да кеңири таанымал. Ал аткарган “Ак илбирстин тукуму” фильминдеги Эр сайышка түшкөн жигит, “Жаралуу үчүн курман болуудагы” Бекнияздын жигити, “Кербез” фильминдеги Арзымат, “Айыл - Өкүмөтүндөгү” Айыл - Өкүмөтү, “Юридикалык консультациядагы” Айыл - Өкүмөтү, “Белгисиз маршруттагы” Милиционердин образдары көрүүчүлөрдүн көңүлүн уюткан. Артисттик өнөр, куудулдугу менен кошо обончулугун да таштаган жок. Анын кыркка жакын обону ушул кезде да кыргыздын таланттуу ырчыларынын репертуарынан орун алган. Булардан сырткары да К.Абылов кырктан ашуун интермедия монологдорду жазган, төрт спектаклдин музыкалык жасалгасынын автору жана өзү да режиссер катары эки оюн койгон.
- Социалдык тармактарда бөлүшүү