⇛
Долон бий
⇛
Ак уул
⇛
Көкө-Наалы
⇛
Моңолдор
⇛
Асан (Ак моңолдор)
⇛
Самансур
⇛
Сейитказы
⇛
Сарыбай
⇛
Бөгөнөк
⇛
Өзүбек (Куусөөк)
⇛
Назар
⇛
Талпак
⇛
Даке
⇛
Актан
⇛
Чынык
⇛
Муратаалы
⇛
Тоголок
⇛
Бейшенбай
Тоголок уулу Бейшенбай
- Уруусу:
- Моңолдор
- Маалымат:
-
Бейшенбай Тоголокович (Тоголок уулу) Мураталиев (1929-1973) - Кыргызстандын совет мезгилиндеги коомдук жана мамлекеттик ишмери, экономика илимдеринин кандидаты.
Б.Т.Мураталиев 1929-жылы 10-февралда Кыргызстандын Чүй облусундагы ал кезде Кызыл-Аскер (Кант районуна, кийинчерээк - Аламүдүн) районуна караштуу Кашка-Суу айылында туулган.
Атасы Тоголок Муратаалы уулу кедей дыйкан болгону айтылат.
Ленинград каржы-экономика институтун ийгиликтүү аяктаган. Экономика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын коргогон.
Кыргыз улуттук университетинде (ал кезде Кыргыз мамлекеттик университетинде) окутуучу, доцент болуп иштеген. 1956-жылдан Кыргыз улуттук илимдер академиясында Экономика институтундагы Өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруу секторунун (бөлүмчөсүнүн) башчысы болуп иштеген. 1961-жылдан тартып КПССтин партиялык ишине өтөт. 1963-жылы декабрда Кыргызстан КП БК катчысы болуп шайланат.
Дал ушул кызматты аркалап жатканда АКШда Азамат Алтай менен жолуккан.
Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин 6-7-8-чакырыктагы курамына депутат болуп шайланган.
1973-жылы Кыргыз ССР Жогорку Кеңешинин төрагасы да болгон.
1973-жылы 7-апрелде жол кырсыгынан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайткан.
Сыйлыктары Эки жолу Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Википедиядан алынган маалымат
- Социалдык тармактарда бөлүшүү