- Уруусу:
- Моңолдор
- Маалымат:
-
Мидин Алыбаев 1917-жылы Нарындын Жумгал районуна караштуу Чаек айылында кедейдин үй-бүлөсүндө туулган. Азан чакырып койгон аты Асамидин болчу экен.
1931-жылы айылдын жети жылдык мектебин аяктагандан кийин, Фрунзенин педтехникасында, андан соң комсомолдук кызматкерлердин окуусун бүтүргөн. 1936 – 1938-жылдары "Ленинчил жаш" гезитинде иштеп жүрүп, 1938-жылы Советтик аскерлердин катарына чакырылган. 1940-жылга чейин кызмат өтөп, ак финндерге каршы согушка катышкан. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жана андан кийин респубилканын түрдүү гезит-журналдарында эмгектенген.
Мидин Алыбаевдин 1934-жылдары башталган чыгармачылык турмушу көп кырдуу болгон. Ошентсе да, акын көпчүлүк күч-жөндөмүн поэзияга берген. Мидиндин ырлары бир жагынан терең лирикага толуп турса, бир жагынан сатиралык курч мазмунга ээ. Акын салттык сөз ыргактары менен ошол кезде жаңы калыптанып келе жаткан жаңы поэзиялык агымдардын ыкмаларын чеберчилик менен айкалыштыра билген.
1937-жылы Мидин Алыбаевдин "Бактылуу жаштык" деп аталган биринчи ырлар жыйнагы жарык көрөт. Китептин кириш сөзүн жазган акын Кубанычбек Маликов Мидинге "келечектен көптү үмүттөндүргөн жаш акын" деп баа берген. Анда акындын алгачкы мыкты сатиралык жана лирикалык чыгармалары топтолгон эле. Ал эми жалаң гана сатира жаатында жазылган ырлары кийинчерээк "Акчүч", "Мидин" жана башка аттар менен өз алдынча жыйнак болуп чыккан. Ошондой эле Мидиндин калемине бир катар аңгемелер, жомоктор, баяндамалар жана ошол кездеги курч социалдык темаларга арналган ар кыл фельетондор тандык. Анын "Маяковскийге поэзиялык отчет" публицистикалык поэмасы, "Курорттогу окуя", "Жантектин керээзи" аттуу пьесалары кенен белгилүү болгон. Ошондой эле акын Пушкиндин, Лермонтовдун, Маяковскийдин мыкты котормочуларынын бири болуп эсептелет.
Мидин сүрөттү да жакшы тартчу экен. Кызы Зарема апанын эскерүүсүндө, акын карикатураларды мыкты тартчу. Баса, Зарема Мидинова кесипкөй сүрөтчү. 2000-жылдардагы "Алиппе" окуу китебиндеги бардык сүрөттөрдү тарткан. Ал өзү айткандай, атасынын сүрөтчүлүк шыгы ага ооптур. Мидин Алыбаев 1959-жылы 6-декабрда күтүүсүз жерден каза болгон. Жакындарынын эскерүүлөрүнө караганда, ошол күнү акындын үй-бүлөсү мейман күтүп жаткан. Бир маалда эле үй ээси "коноктор келгенче сейилдеп" келмекчи болуп сыртка чыгып кетет. Бирок ошол боюнча кайтып келбейт. Акын башына каттуу сокку жеп оор абалда жаткан жеринен көчөдөгүлөр таап ооруканага жеткиргенден кийин көз жумган экен.
Мидин Алыбаевдин кокустан эле жана табышмактуу өлүмү анын үй-бүлөсү үчүн эле эмес, достору, устат-шакирттери, деги эле поэзия сүйүүчүлөрү үчүн күтүүсүз жана чоң жоготуу болгон.
Калеминен жаз гүлүндөй, тоонун жумшак желиндей назик ырлар менен кошо, бычактын мизиндей курч, аткан октой таамай, ачуу да, адилет да сатиралык чыгармалар төгүлүп, куйкум сөзү өлгөн адамды күлдүргөн Мидинди жоктогондор көп болгон дешет замандаштары.
Акындын шакирти Байдылда Сарногоев бул жөнүндө төмөнкүдөй ыр саптарын жараткан:
Талантың таңкы чолпон жылдыз эле,
Таптаган мүнүшкөрүң турмуш эле,
Аялдар акын төрөйт, баатыр төрөйт,
Сендейди сейрек төрөйт кыргыз эне!Адабий сынчылардын пикиринде, биздин заманга чейинки байыркы доордогу Гораций, Овидий, Европанын кайра жаралуу доорундагы Петрарка, Данте, Байрон, Гете, 19-кылымдагы Пушкин, Лермонтов, 20-кылымдагы Есенин сыяктуу дүйнөнү дүңгүрөткөн акындар "улуу" деген наамга чындап татыктуу болушканы менен, бири да Мидин Алыбаев өңдөнүп лирика менен кошо сатираны тең жаза алышкан эмес экен. Мидиндин кайталангыс өзгөчөлүгү ушунда болгон.
Сатирик катары ал “Балтек жөнүндө баян”, “Кызматтан түшкөн короз”, “Карга менен сагызган”, “Бак жана жылан”, “Түлкү менен кашкулак” сыяктуу бир топ тамсилдери жаратып, өтө көйгөйлүү темаларды сатиралык маанайда терең ачып берген.
Дагы бир кызыктуу көрүнүш, Мидин Алыбаевдин чыгармачылыгында достук азилдери, эпиграмма жанрындагы саптар чоң орунду ээлеген. Акын замандаштарынын эсинде ары шайыр, ары сөзмөр, бирок көзүнө кабыла калган бир кичине да калыссыздыкты жөн калтырбай ырга салып угуза калган, чындыкты бетке айткан адам катары сакталган. "Чалкан дос", "Осмонаалы лөөкүй", "Дүжүр бука" сыяктуу чыгармаларын окуган адам муну таасын сезет.
Ал эми "Жомокчу мерген", "Эки бүркүт”, "Эмне үчүн короз таң алдында чакырат" аттуу чыгармалары акындын балдар адабиятына кошкон салымы катары бааланат.
- Социалдык тармактарда бөлүшүү