- Уруусу:
- Моңолдор
- Маалымат:
-
Джапаралиев Нурлан Тынчтыкбекович
Бишкек шаарында 1976-жылдын 7-августа төрөлгөн. Бишкек шаарындагы №50 орто мектебин аяктагандан кийин, 1993-жылы К.И. Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарбы академиясынын «Ветеринария» факультетине кирип, аны 1998-жылы аяктап, «Ветеринардык врач» кисибине ээ болгон.
- 1998 жылы Бүткүл Россиялык жаныбырларды коргоо илим-изилдөө институтун аспирантурасына кирген жана молекулардык диагностика лабораториясында ветеринардык врач болуп иштеген.
- 2000 жылы жогоруда аталган лабораториянын кенже илимий кызматкери ордуна которулган, 2002 жылдан баштап 2004 жылга чейин ошол эле жерде илимий кызматкер болуп иштеген.
- 2002-жылдын 16-апрелинде «Бодо мал лейкозунун молекулардык биологиялык диагностика ыкмалары» темасында биология илимдеринин кандидаттыгына илимий даражасын коргогон.
- 2004 жылы Кыргыз ветеринария илимий изилдөө институтунун ветеринария жана биотехнология лабораториясында ага илимий кызматкер болуп кабыл алынган.
- 2011 жылы Кыргыз Республикасынын улуу атестациялык комиссиясынын чечими менен «Вирусология» быгыты боюнча ага илимий кызматкер илимий наамы ыйгарылган.
- 2011-жылдын 3-январынан бери Джапаралиев Нурлан Тынчтыкбекович, А. Дуйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун директордун орун басары болуп эмгектенүүдө.
Джапаралиев Нурлан Тынчтыкбекович 2011-жылдын 5-майда «Кой менен эчкилирдин күлүн заманбап диагностика ыкмалары жана алдын алуусу» темасында биология илимдеринин илимий даражасын коргогон. Джапаралиев Нурлан Тынчтыкбекович 15 жылдык эмгек жолундагы ветеринария жана биология илиминдеги быгыты айыл-чарба жаныбарларынын жугуштуу ылаӊдарынын эпизоотологиясын, вирусологиясын жана молекулардык биологиясын изилдеп, аларды болтурбоонун жол-жоболорун иштеп чыгып, ветеринариялык атайын эмдөөчү жана диагностикалоо каражаттарды практикалык ветеринарияга жайылтуу. Анын калеминен 70 илимий иштер жазылып, анын ичинде монография, 5 патент, сунуштар, колдонмолор, илимий макалалар бар.
- Социалдык тармактарда бөлүшүү