Осмон уулу Алыкул
Уруусу:
Моңолдор
Маалымат:
Алыкул

Кыргыз адабиятынын классик акыны Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында туулган.

1928-жылга чейин Фрунзе, Токмок балдар үйүндө тарбияланып, Фрунзе педтехникумунда 1928–1933-жж. окуйт. Бирок ден-соолугуна байланыштуу бул окуу жайды бүтүргөн эмес.

Болгон Эмгек чыйыры «Чабуул» журналынан башталып, ”Ленинчил жаш” гезитинде уланат. 1937–1940-жж. Кыргызстан Жазуучулар союзунун коомдук башталыштагы катчысы кызматында иштеген. Алыкул Осмоновдун «Кызыл жүк» деген алгачкы ыры «Сабаттуу бол» гезитине 1930-жылы жарыяланып, “Таңдагы ырлар” туңгуч жыйнагы 1935-жылы басылып чыккан.

Акын дүйнөлүк жана орус адабиятына кызыгып, алардын бир тобун эне тилине которуу менен бирге чыгармачыл мектептен өтүп, кыргыз фольклоруна терең маани берүү менен эл арасынан көптөгөн уламыштарды чогултуп, алардын негизинде ондогон поэмаларды жазган.

А.Осмонов 1938-жылы 9-апрелде СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө өткөн. Ошол эле жылы “Ардак белгиси” ордени, 1946-жылы “1941–1945-жж. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги каарман эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

1950-жылы Москвада орус тилинде жарык көргөн “Мой дом” аттуу ырлар жыйнагы адабият боюнча Сталиндик сыйлыктын талапкерлигине көрсөтүлөт.

А.Осмоновго 1967-жылы Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгынын №1 лауреаттык күбөлүгү ыйгарылган. 1986-жылы Кыргызстан Улуттук Жазуучулар союзу Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыкты жана жаштар арасында жыл сайын өтүүчү “Алыкулдун Акбозат” поэзия майрамын уюштурган.

1988-жылы Бишкектеги №68 мектепке, 1990-жылы №9 китепканага акындын ысмы ыйгарылган. Кыргызстанда жалпысынан 20га жакын мектеп жана тоо чокусу (4060м), бир кеме “Алыкул” наамында.

А.Осмоновдун алтымыштан ашык ырларына обон чыгарылып, М.Убукеев, Л.Турусбекова, С.Ишенов сыяктуу кинорежиссерлор акын тууралуу тасма тартышкан. Акындын бир нече жыйнактары, поэмалары жана балдарга арналган чыгармалары орус, англис, эстон, казак тилдерине которулуп, төрт ыры япон тилиндеги “Дүйнөлүк акындар” альманахына кирген. А.Осмоновдун чыгармалары орто мектепте, жогорку окуу жайларда кеңири окутулат. Анын өмүрү, чыгармачылыгы боюнча көптөгөн адабий, публицистикалык жана илимий эмгектер, китептер жазылуу менен кыргыз адабият тарыхында Алыкултаануу багыты улам кеңири кулач жаюуда.

Википедиадан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү