Кыдырназар уулу Асанбек
Уруусу:
Бугу
Маалымат:
Асанбек

Кыдырназаров Асанбек – театр жана кино артисти,комузчу.

1947-жылы Нарын шаарындагы айыл чарба техникумун, 1957-жылы Москвадагы мамлекеттик А.В Луначарский атындагы театр өнөрү институтун бүткөн.
1950-1952-жылдары Нарын райондук маданият үйүндө жетекчи, 1958-63-жылдары Тянь-Шань музыкалуу драма театрында режиссер-коюучу болуп иштеген. Тянь-Шань музыкалуу драма театрында бир нече пьесаларды койгон.
1961-93-жылдары Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеген.
Классикалык жана кыргыз драматургиясы боюнча коюлган спектаклдерде драмалык жана трагедиялык кудурети күчтүү ондогон образдарды жараткан.
Жеке эле А.Кыдырназаровдун чыгармачылыгында эмес, жалпы улуттук театр өнөрүнүн масштабында "Ак боз ат" спектаклиндеги ал жараткан Думананын образы драмалык, трагедиялык өнөрдүн туу чокуларынын бири болуп эсептелет.
А.Кыдырназаров чыгармачылык диапозону өтө кеңири универсалдуу актерлордун катарына кирет. Ал театр искусствосунун кайсы гана жанрында болбосун бирдей ийгилик менен образ жараткан.
Ошол эле учурда ал жараткан образдар психологиялык жактан өтө ишенимдүүлүгү менен айырмаланат.
А.Кыдырназаров кыргыздын Карамолдо, Ыбрай сыяктуу улуу комузчуларынын сабында турган алп таланттуу күүчү катары да саналат.
Алгач элдик күүлөрдү агасы Асанкожодон үйрөнөт.Карамолдонун "Сынган бугу","Насыйкат","Абактын Кара кашка аргымак" ж.б күүлөрду ийинине жеткире черткен,өзү "Кыргыз көчү","Бешик","Калмак ашуу","Тилек","Саамал" сыяктуу ж.б чоң күүлөрдү чыгарган.
Булардын ичинен айрыкча "Кыргыздын расмий эмес гимни" аталган "Кыргыз көчү" күүсү улуу күүлөрдүн арасына кирген. Күү жанрынын классикасына айланган.
А.Кыдырназаровдун Кыргыз телерадиосунун алтын казынасына 20дай күүсү жазылып алынган.
Эл аспаптар жана симфониялык оркестрлерге салынган.

Аткарган ролдору:

Токтогул (Т.Абдумомуновдун "Сүйүү жана үмүт" драмасы).
Байтерек (Т.Абдумомуновдун "Каркыралар кайтканда" драмасы).
Садыркул (Т.Абдумомуновдун "Атабектин кызы" драмасы).
Сейит (Т.Абдумомуновдун "Абийир кечирбейт" драмасы).
Калча (A. Токомбаевдин "Өлбөстүн үрөнү" драмасы).
Шаршенбай Айылчиевич (Бакы Өмүралиевдин "Унутулгус күндөр" драмасы).
Думана (Ш.Садыбакасовдун "Ак боз ат" драмасы).
Ажы (Н.Байтемировдун "Уркуя" драмасы)ж.б.
Рыскулбай (Мустай Каримдин "Ай тутулган түндө" драмасы).
Чыныбек бай (Т.Абдумомуновдун "Ашырбай" драмасы).
Сыродоев (А.Макаеноктун "Трибунал" трагикомедиясы).
Каракожо хан (М.Байжиевдин "Байыркы жомок" драмасы).
Азат Султанович (М.Байжиевдин "Ар бир үйдө майрам" драмасы).
Вожак (Вс.Вишневскийдин "Оптимисттик трагедия" трагедиясы).
Бакай (Ж.Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасы).
Эшмат ("Уркуя" кинофильминде).
Cалмен ("Караш-Караш окуясы" кинофильминде)

 

Википедиядан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү