Жумагул уулу Эсенгул
Уруусу:
Бугу
Маалымат:
Эсенгул

Эсенгул Ибраев Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Чет-Нура кыштагында 1933-жылы 16-мартта туулган.

1952-жылы Нарындагы педагогикалык окуу жайын бүтүргөн.

1952–1956-жж. Кочкор, Нарын районунун мектептеринде жана райондук комсомол комитеттеринде иштеген.

1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

1961–1987-жж. республикалык саясий сатиралык «Чалкан» журналында адабий кызматкер, бөлүм башчы, жооптуу катчы, редактордун орунбасары, башкы редактор болуп иштеген.
1962-жылдан СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.

1970-жылдан СССР Жазуучулар союзунун, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгынын мүчөсү, Нарын «Ынтымак» коомунун президенти болгон.

Кыргыз ССР Жогорку Советинин Грамотасы, Ардак грамоталары менен сыйланган.

1999-жылы Ата Түрк маданий борбору менен Ата Түрк Илим жана тарых боюнча кеңешинин ардактуу академиги,

1999-жылы Автордук укук-ту коргоо боюнча Швейцариялык «Суисанын» мүчөсү болгон.

1994-жылы «Кыргыз маданиятына эмгек сиңирген ишмер»,

2001-жылы «Кыргыз Республикасынын Эл акыны» наамы берилген.

2002-жылы Эл аралык «Руханият» ассоциациясынын лауреаты болгон.

2006-жылы «Насыят» китебине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Токтогул сыйлыгы ыйгарылган.

Социалдык тармактарда бөлүшүү