Абдыбаалы уулу Бектурган
Уруусу:
Моңолдор
Энеси:
Сейрек Кыдырбай кызы
Кыздары:
Мира Назира
Маалымат:
Бектурган

Абдыбалиев Бектурган

1951-жылы 12-мартта Нарын облусунун Тянь-Шань районунун Эки-Нарын айлында туулган.
Фрунзе шаарындагы №3 Техникалык окуу жайынын электромонтёр, Политехникалык техникумдун техник, электрик-механик, Политехникалык институттунда инженер куруучу адистиктерин бүтүргөн.
Эмгек жолун Нарын шаарындагы №13 кесипчилик-техникалык окуу жайында өндүрүштүк окуунун мастери, атайын кесиптик сабактар боюнча мугалим болуп иштеп баштаган.
1982-1986-ж. №88 техникалык окуу жайында директордун окуу өндүрүштүк иштер боюнча орун басары, 
1986-1991-ж. Нарын облустук кесипчилик-техникалык билим берүү башкармасынын орун басары. 
1991-200-ж. Нарын облустук Эмгек, социалдык жактан коргоо, иш менен камсыз кылуу, жумушчу кадрларын даярдоо башкармасында биринчи орун басар, кесиптик окуу жайларынын башчысы кызматтарында эмгектенген.
2000-2010-ж. Нарын облустук кесиптик-техникалык билим берүү башкамасынын башчысы болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккан.
Абдыбалиев Бектургандын кесиптик билим берүү системасындагы үзүрлүү эмгектеги үчүн алган сыйлыктары:
СССРдин кесиптик-техникалык билим берүү министирлигинин  "Отличниги" төш белгиси,
СССРдин элге билим берүү министирлигинин Ардак грамотасы.
Кыргыз Рспубликасынын социалдык жактан коргоо министирлигинин Ардак грамотасы,
Кыргыз Республикасынын илим билим берүү министирлигинин эл агатуусунун "Отличниги" төш белгиси.
Эмгек резерви спорттук коомунун Ардак грамотасы.
Нарын облусунун Аялдар конгрессинин "Ардактуу аксакал" төш белгиси.
Кыргыз Республикасынын "Эмгек синирген мугалими" төш белгиси наамына ээ болгон.
Абдыбалиев Бектурган кесиптик билим берүү системасында узак жылдары эмгектенип, Турция, Германия, Франция, Италия, Испания, Австрия, Швеция мамлекеттеринин билим берүү системасынын  "Инвеннт" Айылдык кесиптик билим берүү Хелветас, Лесик, Европалык билим берүү, Азия өнүктүрүү фондуларынын проектилери менен биргелешип иштешип,  20,0 миллиард сом суммасында грант инвестиция тартып келип, өткөөл заманда кесиптик билим берүү системасын сактап калган, материалдык базалар инфраструтураларын жакшырткан. Кесиптик билим берүү системасынын инженер-педагогикалык кадрлары аталган чет мамлекеттерде билимдерин өркүндөтүп келген. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү чет мамлекеттерден билим алуусуна аракеттерди көргөн.
Абдыбалиев Бектургандын алты баласы Республикабыздын жогорку окуу жайларын бүтүрүп, азыркы убакта өлкөбүздүн ар кайсы тармактарында жетекчилик кызматтарда үзүрлүү эмгектенип жатышат.

Социалдык тармактарда бөлүшүү