Ошур уулу Асанаалы
Уруусу:
Моңолдор
Кыздары:
Таарындык Бүбү
Маалымат:
Асанаалы

Ошур уулу Асанаалы (1880, Нарын району, Доболу айылы — 1958, ошол эле жер) — комузчу.
Боккөтөн, Майлыбай, Кудайбергендерден таалим алган.
1936-ж. Бишкекте өткөн эл чыгармачылыгынын Республикалык олимпиадасына катышып, баш байгени жеңип алган.
1936—38-ж. филармонияда иштеген. 1936-ж. музыка изилдөөчү А. Затаевич 12 күүсүн жазып алып, нотага түшүргөн. Алар 1971-ж. Москвадан "Кыргыздын аспаптык күүлөрү жана обондору" деген жыйнакка басылып чыккан. Ал "Сур толгоо", "Кер толгоо", "Ботой", "Кербез", "Камбаркан", "Шыңгырама" деген элдик салт күүлөрдү аткаруу менен, алардын негизинде "Терме шыңгырама", "Казак Камбаркан", "Сур толгоо", "Кара чий", "Такмаза", "Карылардын кеңеши", "Кыз ойготор", "Карылык", "Салтанат" жана башка ондогон залкар кайрыктагы күүлөрдү чыгарган.

 

Википедиадан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү